Редакцияот 25.01.2018
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы

 

2018-жылдын 25-январы № 10/4

Көк-Жаңгак шаарынын Коммуналдык менчик департаментинин №6 23.01.2018ж.кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык Коммуналдык

менчик департаментинин №6 23.01.2018ж. кайрылуу катын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык Коммуналдык менчик департаментинин балансында турган 1983ж. чыгарылган ВАЗ-2121 мамлекеттик №08-01 DA автоунаасы жана 1994ж. чыгарылган ГАЗ-3109 үлгүсүндөгү автоунаасын керектөөгө жараксыз болгондугуна байланыштуу баланстан чыгарылсын.

2. Сатуудан түшкон акча каражаты шаардык Коммуналдык менчик департаментинин атайын эсебине түшүрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын Коммуналдык менчик департаментинин башчысы И.Ходжамбердивге милдеттендиридсин.

4. Көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б.Маткаримов