ПостановлениеДействует

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 3 «Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы кожолуктардан таштандылар боюнча жыйналуучу жыйымдын суммасын белгилөө жѳнγндѳ» токтому

Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы   чакырылышы) 5- кезектеги   сессиясы              

 

2017-жылдын 10-февралы № 3

 

“Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы кожолуктардан  таштандылар боюнча жыйналуучу жыйымдын суммасын белгилөө жѳнγндѳ”

       Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн  аймагындагы кожолуктардан таштандылар боюнча жыйналуучу жыймдардын суммасын белгилөө  жѳнγндѳгγ маселени карап чыгып жана талкуулап  мурдатан жыйналынып келинген сумма эсебинде калтыруу максатка ылайык экендигин Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып

т о к т о м  к ы л а т

1 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы кожолуктардан  таштандылар боюнча жыйналуучу жыйымдын суммасы  ар  бир кожолук γчγн  мурдаттан жыйналынып келинген 50 (элγү) сомдон ашырбастан   белгиленсин. 

2  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγнѳ тапшырылсын.

3 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А Имамов