ПостановлениеДействует

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 11/11-27 «Нурманбет айыл аймагындагы балдар бакчаларынын төлөм акыларын бекитүү жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-февралы № 11/11-27

                         

“Нурманбет айыл аймагындагы балдар бакчаларынын төлөм акыларын бекитүү жөнүндө”

 Нурманбет айыл аймагындагы балдар бакчаларынын төлөм акысын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Нурманбет айыл аймагындагы “Гүл балалык” жана “Эпкин-Нур” балдар бакчаларынын ата-энелер салымы 1 айга 1 балага төлөм акысы 1000сом чегинде бекитилсин

-балдар бакчаларынын балдарга сарпталган тамак-ашынын ченеми ар бир балага күнүнө 50 сом ата-энелер салымынан каралсын.

2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов