ПостановлениеДействует

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 16 /11-27 «Калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-февралы № 16 /11-27                    

“Калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө“

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында жергиликтүү калкка акылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө маселени карап чыгып жана 2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясаты жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Чүй бөлүмүнүн башчысы менен макулдашылган акылуу кызмат көрсөтүү бааларынын прейскурантынын негизинде Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн баалары төмөндөгү тартипте бекитилсин

1.Жашагандыгы тууралуу маалым кат-5 сом

2.Үй бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалым кат-5 сом

3.Мал сатууга маалым кат-10 сом

4.Ф-50 маалым каты- 10 сом

5.Айыл чарба түшүмүн сатууга маалым кат-10 сом

6.Турак үйү бар же жок экендиги тууралуу архитектурага жана макатттоого маалым кат-10 сом

7.Жарандарды каттоо жана каттоодон чыгаруу-50 сом

8.Турак үй курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө чечим-100 сом

9.Жер тилкесин менчикке бекитип берүү жөнүндө чечим-100 сом

10.Павильон,күркө,соода жана чарбалык түйүндөрдү орнотууга жер тилкесин берүүгө чечим-100 сом

11.Дыйкан чарбасын түзүүгө чечим-100 сом

12.Жарнак такталарын орнотууга жер тилкесин бекитип берүү жонүндө чечим-200 сом

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов