Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 17/11-27 «Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 17/11-27
“Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш планын карап чыгып жана талкуулап Нурманбет айылдык кенеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш планы бекитилсин.
2.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына:
-айыл өкмөтүнүн иш планында бекитилген маселелер өз убагында айыл өкмөтүнүн отурумунда каралсын
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |