ПостановлениеДействует

Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-майындагы № 26/111-27 «Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-майы № 26/111-27              

 

“Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө”

 Нурманбет айыл өкмөтүнун аймагындагы “Балбан суу”,”Гөк чаар”,”Эпкин суу” сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарынын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө бирикмелеринин жетекчилеринин маалыматын угуп,талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымдамасы эске алынсын

2.Бирикмелердин жетекчилери К.Сардарбеков,Э.Султангазиев,Кемел уулу А төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:

-кол менен тазалоочу арыктарды сугат мезгилине чейин тазалап бүтүрүү

-2017-жылдагы сугат мезгилинде дыйкандарды тынымсыз,жетиштүү көлөмдө сугат суу менен камсыз кылуу

-“ Балбан суу”,”Гөк чаар” бирикмелеринин 2016-жылы колдонгон суу үчүн төлөм карыздары жакынкы арада чогултусун.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Иманов