ПостановлениеДействует

Александровка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 103 «Александровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.11.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы

2016-жылдын 18-ноябры № 103

Александровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставынын долбоорун айылдык жыйнындарда, чогулуштарда талкуулап чыгып жергиликтүү коомдоштуктан, айылдык кеңештин депутаттарынан түшкөн сунуштарын эсепке алып, Александровка айылдык кеңешинин буюрмалардын жана токтомдордун аткаруусу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп чыгып жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктун жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемедеги Александровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

2. Ушул Токтом жана Александровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу этникалар аралык мамилелер жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин вебсайтында жарыялансын – www.gamsumo.gov.kg.

3. Ушул Токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамаатынын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылырынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жоргузуу Александровка айылдык Кеңештин социалдык маселелер, элдик билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ш. Ягузов