ПостановлениеДействует

Айдаркен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 23-январындагы № 7 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 49-бөлүмүнүн 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык жер салыгын мыйзам чегинде которуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин 2 - чакырылышынын III-сессиясы

 

2017-жылдын 23-январы № 7

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 49-бөлүмүнүн 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык жер салыгын мыйзам чегинде которуу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 49-бөлүмүнүн 337-беренесинин 6-пунктуна таянып, шаар бюджетин көбөйтүү максатында, жер салыгын эки эсеге көбөйтүү жөнүндөгү маселе боюнча Айдаркен шаардык мэриясынын салыктар боюнча башкы адиси А. Базаркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Айдаркен шаардык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаарынын аймагындагы жер салыгынын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 49-бөлүмүнүн 337-беренесиинин 6-пунктуна таянып, мыйзам чегинде эки эсеге көбөйтүү жагы бекитилсин.

2. Токтом каттодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик нормативдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Баткен Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага

Ж.М. Алиев