ПостановлениеДействует

Чек-Абад айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-февралындагы № 5 «Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

 

ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 23-февралы № 5

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча КРӨнүн 6-май 2005-жылдагы № 177-сандуу токтому менен бекитилген типтүү жобосуна ылайык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын төмөндөгү курамы бекитилсин:

1.    Абдуллажанов Расулжан – а.кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;

2.    Исаев Абдисалом– а.кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

3.    Эргашов Эркинжан – а.кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

4.    Мавлянов Абдурауп – архитектура башкармасынын өкүлү;

5.    Жуманов Пархад – мамкаттоо башкармасынын өкүлү;

6.    Усманов Мирзаали – айыл башчысы;

7.    Тавалдиев Абдыкалык – айыл башчысы;

8.    Асранов Исмонали – айыл башчысы;

9.    Давидов Дилмурод – жер адиси.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Ж. Нурматов