К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы №7 «Нарын шаарындагы С. Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 7
Принят
7 марта 2018 года
Издал
Нарынский городской кенеш

Регистрация и публикация

Публикация
www.naryn-kenesh.kg · 14 марта 2018 года
В реестре с
26 марта 2018 года

В реестре

Код Минюста
405966

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 07.03.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 7-марты №7

Нарын шаарындагы С. Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун сунуш катынын негизинде Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине кат менен кайрылган. Катта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө» Жобого ылайык, имарат муниципалдык менчикте болуусу зарыл экендиги көрсөтүлгөн. Мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратына дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 2018-жылы капиталдык ремонт жүргүзүлүп, балдар билим берүү борборун жайгаштыруу жагы пландалып жаткандыгын билдиришкен.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер турак жай, коммуналдык тейлөө архитектура-курулуш, отун-нергетика,транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарындагы С.Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имараты муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.

2. Имаратты муниципалдык менчикке өткөрүүдөгү жана иш кагаздарын тактоо боюнча иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов.

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.