К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-декабрындагы № 5.1 «Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү» токтому

Реквизиты

Номер
№ 5.1
Принят
23 декабря 2017 года
Издал
Капчыгайский айылный кенеш Кара-Кулжинского района

Регистрация и публикация

Публикация
газета "Мезгил үнү" № 4 · 5 февраля 2018 года
В реестре с
21 февраля 2018 года

В реестре

Код Минюста
406020

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 23.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

 

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 23-декабрындагы № 5.1

 

Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна  ылайык «Капчыгай айыл өкмөтүнүн  2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү»жөнүндө Капчыгай айыл өкмөтүнүн Финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кадырованын,Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссиянын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер менен чыгашалары 2017-жылга аткарылышы 5 472.0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.2018-жылга  карата Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүгү  тендештирүүчү гранттан 3711,2 сом, атайын каражаттан  40.0 сом, жергиликтүү  кирешеден 1004,2мин сом  өлчөмүндө  жалпы 4755,4 мин сом өлчөмүндө  бекитилсин.

3. Капчыгай айыл өкмөтүнө тиешелүү мекеме-уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде,ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрдүн бааларынын денгээлин,инфляциянын болуп жаткан башка процесстеринин  эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен,бул өзгөртүүлөр айылдык округдук кенештин сессиясында каралып бекитиле тургандыгы белгиленсин.

4. Айылдык Кенештин төрагасына «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат» боюнча ченемдик укуктук актынын №33 беренесине ылайык компенсация төлөмү бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн  башчысы М.Сатыбалдыевге жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык округдук Кенешинин социалдык-маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук,жаштардын иштери,социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.       

 

Төрага

 

Ж. Турганбаев

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.