К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/62 «Эсептөө палатасынын аудитинин актысынын сунушун кароо жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 01-05/62
Принят
17 ноября 2017 года
Издал
Кочкор-Атинский городской кенеш Ноокенского района

Регистрация и публикация

Публикация
www.kochkorata.kg · 17 ноября 2017 года
В реестре с
6 декабря 2017 года

В реестре

Код Минюста
406197

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 17.11.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/62

Эсептөө палатасынын аудитинин актысынын сунушун кароо жөнүндө

     Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктоо актысы боюнча шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамадияровдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Эсептөө палатасынын аудиттин жыйынтыктоо актысы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.    Эсептөө палатасынын аудиттин жыйынтыктоо актысында белгиленген Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерине тийиштүү чара көрүүнү мэр А.Т.Жумаевге тапшырылсын.

3.    Бюджеттин киреше бөлүгүн толук толтуруу иш-чараларын уюштурууну салык жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.

4.    Мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин;

-          Бюджеттик каражаттарды максатсыз чыгымдоого жол бербөөнү;

-          Т.Мурзакановго негизсиз эсептелген 7500(жети миң беш жүз) сом эмгек акыны ордуна коюуну;

-          Дебитордук карыздарды жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү;

-          Жылдын жыйынтыгы менен негизги каражаттарга жана товардык материалдык баалуулуктарга сапаттуу инвентаризация өткөрүүнү жана инвентаризация өткөрүүнүн жыйынтыгын 2018-жылдын 01-июнунан кечиктирбей шаардык Кеңешке маалымат берүүнү;

-          Бюджеттик жоготууларга жол бербөөнү.

5.    Бухгалтериядагы кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү мэриянын аппарат жетекчиси Адылбек кызы Динарага милдеттендирилсин.

6.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин. 

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.