К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/85 «Шаардык Кеңештин иш планын бекитүү жѳнүндѳ» токтому

Реквизиты

Номер
№ 01-5/85
Принят
30 марта 2018 года
Издал
Кочкор-Атинский городской кенеш

Регистрация и публикация

Публикация
www.kochkorata.kg · 19 апреля 2018 года
В реестре с
2 мая 2018 года

В реестре

Код Минюста
406229

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 30.03.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/85

Шаардык Кеңештин иш планын бекитүү жѳнүндѳ

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2018-жылга аткарылуучу иштеридин иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.    Шаардык Кеӊештин 2017-жылдын 07-мартындагы кезектеги IV сессиясынын «Кочкор-Ата  шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш мерчемин бекитүү жөнүндө» № 01-05/12-токтому аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.

 

3.    Шаардык Кеӊештин 2018-жылга бекитилген иш-пландын пунктарынын аткарылышна камсыз кылууну шаардык Кеӊештин жооптуу катчысына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов

 

 

 

 БЕКИТЕМ                                         

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы ____________ Я.Т.Абдурахманов.

XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын № 01-5/85-токтомуна тиркеме.

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңештин 2018 - жылга карата түзүлгөн                       

ИШ  МЕРЧЕМИ

 

№

Каралауучу маселелердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Материалдарды даярдоого жана аткарууга жооптуулар

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн  иш мерчемин  бекитүү

I

квартал

Шаардык Кеңештин аппараты

Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдагы аткарылышын угуу жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү

I

квартал

Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн   башчысы, шаардык Кеңештин депутаттары, бюджеттик комиссиясы

Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2017-жылга аткарган иштеринин отчётун  жана 2018-жылга коюлган милдеттери жөнүндө маалыматын  угуу

I

квартал

Шаар мэри, шаардык мэриянын аппарат кызматкерлери

Шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу жана бир жыл ичинде аткарган иштеринин отчёту

I

квартал

Шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери.

Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жылдык аткарган иштеринин, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө отчёту

I

квартал

Муниципалдык менчикти башкаруу Департаменти

Шаардын аймагында жайгашкан “ Ден-соолукту калыбына келтирүүчү борбордун” жана “Керемет” санаториясынын иштөө абалы

I

квартал

Шаардык Кеңештин төрагасы, 4 туруктуу комиссиянын төрага  жана төрайымдары

Шаардын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштеринин жүрүшү, үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишинин абалын текшерүү

I 

квартал

Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн абалы, паспорт бөлүмүнүн паспорт берүү, алмаштыруу, каттоо боюнча ишинин абалы

I

квартал

Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери  боюнча туруктуу комиссиясы

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин абалы,  Тазалык ишканасынын иштөө абалы

II 

квартал

Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

№15 «Жомок» балдар бакчасынын, (тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусу) кароо

II

квартал

Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

Бюджеттин алты ай ичинде аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча алты айда пландын аткарылышынын маалыматы.

II

квартал

Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, салык бөлүмүнүн башчысы, бюджеттик комиссиясы

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча, Кочкор-Ата шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо

III

квартал

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, мыйзамдуулук комиссиясы жана шаардык Кеңештин аппараты.

Билим берүү мекемелеринин  иштөө  абалын  (тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусу)кароо

III

квартал

Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

2018-2019-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө

III

квартал

Шаардын вице-мэри,  «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана  энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы,

Коомдук алдын алуу борборунун бир жыл аралыгында аткарган иштеринин отчёту

IV квартал

Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы, Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, квартал башчыларынын ж.б. коомдук уюмдар

Ар квартал сайын өзүнө бөлүнгөн участкадагы мектептерди кыдырып үй-бүлөөлүк талаш тартыш, зордук-зомбулук, суицид, коомдук тартип жана баланын укугун коргоо боюнча темада жолугушуу өткөрүү 

Квартал сайын

Шаардык Кеӊештин депутаттары, квартал башчылар, аялдар кеӊеши, мектептин мугалимдери, Эл башы, Аксакалдар соту

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасына туруктуу комиссиялардын  аткарган  иштери боюнча отчёту

IV квартал

Туруктуу комиссиялардын төрага жана төрайымдары

 

 

 

 Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы                          _______________                   М.Мадосмонов.

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.