ПостановлениеДействует

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги №5-8 «Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-таңы» балдар бакчасынын имаратынын пайдубалына жакындап коркунуч келтирип жаткан 4 түп теректи кестирип таштоо үчүн уруксат берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 24-апрели №5-8

Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-таңы» балдар бакчасынын имаратынын пайдубалына жакындап коркунуч келтирип жаткан 4 түп теректи кестирип таштоо үчүн уруксат берүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Жаша-Балалык-таңы» балдар бакчасынын жетекчиси Бобулова Канышайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-таңы» балдар бакчасынын имаратынын артындагы пайдубалга жакын эгилген 4 (төрт) түп терек кестирип алдырылсын.

2.    Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Топчубаев