ПостановлениеДействует

Жекенди айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №11/3 «Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 12-декабры №11/3

Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 51, 2014-жылы 31-декабрь № 182, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин Айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жер салыгын айыл чарбасынын жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкасы 2018-жылга чейин 1 га жерге 91 сом 50 тыйын болсо, 2018-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айылдык аймагынын улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

С. Халилов