ПостановлениеДействует

Жекенди айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №11/4 «Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Чулук жана Шибээ айылдарындагы электр энергиясы үчүн тартылган ээсиз аба чубалгыларды жана КТПлардыЧоң-Алай РЭТтин балан-сасына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 12-декабры №11/4

Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Чулук жана Шибээ айылдарындагы электр энергиясы үчүн тартылган ээсиз аба чубалгыларды жана КТПлардыЧоң-Алай РЭТтин балан-сасына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Чулук жана Шибээ айылдарында электр энергиясы үчүн тартылган ээсиз аба чубалгыларынын жана КТП лардын иш кагаздарын даярдоого жана Чоң-Алай РЭТтин балансасына өткөрүүгө уруксат берилсин.

2. Тийиштүү документтерин бүткөрүү Жекенди айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай маселеси боюнча башкы адиси Ж. Кожобековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Маматбековго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

С. Халилов