ПостановлениеДействует

Кара-Таш айыл Кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 4 «Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын Дагы башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашалары, билим берүү тармагына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.04.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2018-жылдын 17-апрели № 4

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын Дагы башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашалары, билим берүү тармагына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кара-Таш айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоор депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынан “Ноокат Билимканасы лицейинин” спорт залынын имаратын куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого 220,0 (Эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

3. 2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынан 30,0 (Отуз миң) сом “Нойгут” орто мектебине вентиляция жасатууга, 20,0 (Жыйырма миң) сом “Чечме-Сай” орто мектебине видео көзөмөл койуу үчүн ажыратылып берилсин.

4. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Джаныбаев