ПостановлениеДействует

Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 13 «Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясы

2017-жылдын 28-февралы № 13

«Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө”

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин киреше бөлүгү 525 000 (беш жүз жыйырма беш миң) сомго алымча кошумчасы менен чегерилсин.

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Арапбаев Нургазыга жайыт салыктарын убагында топтоо жана төгүү жагы милдеттендирилсин.

3.Жайыт комитетинин 2017- жылга бекитилген бюджетин көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин текшерүү комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Курманбеков