ПостановлениеДействует

Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 15 «Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясы

2017-жылдын 28-февралы № 15

«Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө»

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын  күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2017- жылдын 10- апрелине чейин ортоңку жайытка 20- майдан кийин жогорку жайыттарда жатакташсын.

2. 20- апрелден аба ырайынын өзгөрүүсүнө карап 1-майга  чейин мал бакмачылар жайлоого көчүп кетишсин.

3. Мал бакмачылар 20- сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.

 

Төрага

С. Курманбеков