ПостановлениеДействует

Кара-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июлундагы № XXXII/1 «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тууралуу келишимди бекитип берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.07.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 25-июлу № XXXII/1

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тууралуу келишимди бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 20-беренесинин жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Улуттук Статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн Кара-Таш айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишиминин мазмуну менен таанышып чыгып жана талкуулап айыл кенеши

( А/ кенештин туруктуу комиссиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү Ноокат райондук статистикалык бөлүмү менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага

А. Арынов