ПостановлениеДействует

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2017-жылдын 3-январындагы № 2 «Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

5-чакырылыш кезексиз 1-уюштуруу сессиясы

 

2017-жылдын 3-январы № 2

 Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктуна жана 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын кеңешмесинин 2016-жылдын 3-январындагы 2-токтомуна ылайык депутат Тойчубекова Жазгүл Токтобековна Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

Төрага

С.Кулмурзаев

 ПРОТОКОЛ № 1 3.01.2017-жыл.

 

 Катышкандар 21 депутат.

 

1. Эсептүү коммиссиясынын курамынын кызматтарын белгилөө.

 

 Депутат Абдылдаев Акылбек -коммиссиянын төрага;

Депутат Эгембердиева Бегайым -коммиссиянын мүчөсү;

Депутат Тойчубекова Жазгүл -коммиссиянын мүчөсү;

Протоколду бекитип берүү жагы кеңеш төрагасынан суралсын.

 

2. Коммиссиянын төрагасы Абдуллаев А

 

 ПРОТОКОЛ № 2 3.01.2017-жыл.

 

Күн тартибиндеги маселе.

Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо.

 Катышкандар 21 депутат.

 

Талапкерлер:

 

Таштемиров Арстан

Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевич

 

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча:

 

Таштемиров Арстан үчүн 9 добуш;

Шайбеков Исмаилжан үчүн 12 добуш;

 

 Эсептөө коммиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ

 

Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы болуп Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевич шайлансын.

Чечимди бекитип берүү жагы кеңештин төрагасы Кулмурзаев Сейитбектен суралсын.

 

 Эсептөө коммиссиясынын төрагасы: Абдуллаев А

 

 Мүчөлөрү: Тойчубекова Ж

Эгембердиева Б