ПостановлениеДействует

Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 17 «Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.02.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

төртүнчү чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

 

2017-жылдын 10-февралы № 17

 Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жонундо» кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

Т О К Т О М К Ы Л А Т

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайытжерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2017-жылга жайыт акысын төлөөнүн өлчөмдөрү:

 Ири муйуздуу мал-бир баш үчүн-100 сом

 Кой-эчкилер- бир баш учун- 100 сом

 Жылкылар бир баш учун-100 сом

Жайлоого чыккан малчылар үчүн төлөө акысы:

 Субайлар -350-400

 Жылкыларга-450-500

 Кой-эчкиге-80 сом

Жайлоого кетпей калган малга төлөө акысы:

 Ири муйуздуу мал бир баш учун-150 сом

 Кой-эчкилер бир баш учун-30 сом

 Жылкылар бир баш учун-200 сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Белековго жана салык инспектору Б.Мамажановага тапшырылсын.

 

Төрага

И.Шакеева