ПостановлениеДействует

Постановление Садовского айыльного кенеша от 24 апреля 2017 г № 26 «О проведении идентификации животных по Садовскому айыльному округу»

Редакцияот 24.04.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын биринчи уюштуруучу сессиясы

2017-жылдын 24-апрели № 26

“Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө”

 

Садовое а-а ветеринары А. Панпанзаны угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 06.06.2013-ж. № 91 “Жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Садовое айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү системасын киргизүү максатында Садовое айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Жаныбарларды (уйларды) идентификациялоого төлөм 90 сом бир башка , анын ичинде :

-          Термометри жок клиникалык текшерүү – 10 сом ;

-          Документтерди толтуруу – 10 сом ;

-          Жаныбардын эки кулагына бирка тагуу – 20 сом ;

-          Бир башка бирканын комплектисинин баасы – 37 сом 76 тыйын ;

-          Аппликаторду колдонгону үчүн амортизациондук төлөм – 2 сом 24 тыйын ;

-          Регистрдин жумушу- 10 сом .

2. Садовое айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча жооптуу адистери белгиленген график боюнча Садовое айылдык аймагында жаныбарларды идентификациялоону сапаттуу жана өз убагында өткөрүшсүн .

3. Жооптуу адистер жаныбарларды идентификациялоо маалыматтарын киргизүү үчүн өз убагында каттоо иштерин жана ветеринарлар берген маалыматтарды жалпылоо иштерин өз убагында жүргүзүшсүн .

4. Азыркы токтом чыккан маалдан баштап күчүнө кирет .

5. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .

 

Садовое айылдык кеңешинин төрагасы

В.Н. Саратовцев