ПостановлениеДействует

Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин 2016-жылдын - 20 сентябрындагы № 155 «Эски-Покровка айылынан медициналык клиниканын курулушуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 20.09.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII-кезексиз сессиясы

2016-жылдын - 20 сентябры № 155

Эски-Покровка айылынан медициналык клиниканын курулушуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылган XXII кезексиз сессиясы Эски-Покровка айылынын калкынын медициналык клиника куруу боюнча суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине таянып, маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңештин V-чакырылган XXII кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Эски-Покровка айылынан айыл чарба багытында эмес жерден медициналык клиниканын курулушуна 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Мусаев