ПостановлениеДействует

Постановление Чапаевского айылного кенеша от 18 декабря 2017 г № 36 «Об увеличении доходной части бюджета айыл окмоту»

Редакцияот 18.12.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 18-декабры № 36

Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө

 

Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгү жер казынасын пайдалануу укугунун лицензясын кармагандыгы үчүн төлөм – салык эсебинен 250,0 миң сомго кошумча көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгү «Жер казынасын пайдалануу укугунун лицензясын кармагандыгы үчүн төлөм» бөлүмү боюнча 250,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. 250,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:

- аткаруу органы (аппарат)

154,9 миң сом

- башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер

 

35,0 миң сом

- «Спартак» о.м.

60,1 миң сом

Бардыгы

250,0 миң сом

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов