ПостановлениеДействует

Теплоключенка айылдык кеңеши2017-жылдын 3-мартындагы № 27 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссияны түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын 5-сессиясы

 

2017-жылдын 3-марты № 27

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссияны түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган "Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун" 21-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында төмөндөгү курамында жер комиссиясы түзүлсүн:

Бекиев К.О. - айылдык кеңештин депутаты, Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү, Жер комиссиянын төрагасы;

Джумабаева Б.Р. - а/ө жооптуу катчысы, Жер комиссиянын катчысы;

Кобонбаев Т.Ш. - айыл өкмөтүнүн башчысы;

Сакиев А.Г. - жер маселелери боюнча башкы адис;

Шарипова Б.А. - башкы адис-юрист;

Борончиев Д.А. - салыктар боюнча жетектөөчү адис;

Мамбетов Д.А. - а/кенештин депутаты, Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;

Акчубаков О.Т. - a/кеңештин депутаты, Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;

Токтосунов К.Д. - Ак-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.

2. Жер комиссиянын иш регламента бекитилсин, тиркелет.

3. Айылдык кецештин 2015-жылдын 15-июлундагы №38 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготтуу деп табылсын.

 

Төрага

Э.А. Темиров