ПостановлениеДействует

Теплоключенка айылдык кеңеши 2017-жылдын 3-мартындагы № 29 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү максатында комиссияны түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.03.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын 5-сессиясы

 

2017-жылдын 3-марты № 29

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү максатында комиссияны түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун" 10-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймактын тургундары тапшырылган документтерди кароо үчүн төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:

Садырова Р.К. - а/о башчысынын орун басары, комиссиянын торагасы;

Чопоев З.С. - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы;

Джумабаева Б.Р. - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;

Шарипова Б.А. - башкы адис-юрист;

Асанов Э.Ө. - муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адис;

Мукамбетов А.З. - а/к соц.комиссиянын торагасы;

Кырбашев Н. - Ак-Суу райондун башкы архитектордун орун басары;

Кендербаева А. - Каракол-АкСуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо

башкармалыгынын өкүлү;

Мамытова Б.Б. - аялдар кеңешинин торайымы;

Эралиев Э. - ардагерлер кеңешинин торагасы;

Жанузаков Ч. - жаштар кеңешинин торагасы.

2. Каракол-АкСуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлүнүн милдеттери:

-          жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;

-          жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;

-          сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.

3. Ак-Суу райондук архитектура башкармалыгынын архитекторунун милдеттери:

-          комиссиянын заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо;

-          бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо;

-          санитардык, ортко каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;

-          алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануун мүмкүндүтөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.

4. Айылдык кеңештин 2015-жылдын 15-июлундагы №39 "Жеке менчнк турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» жана 2015-жылдын 25-декабрындагы №72 "Айылдык кеңештин 2015-жылдын 15-июлундагы №39 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтомдор күчүн жоготтуу деп табылсын.

 

Төрага

Э.А. Темиров