ПостановлениеДействует

Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 «Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.06.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 28-июну № 58

Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегиндеги кызматтардын акыларын карап, талкууга алып, айыпдык аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык кызмат керсөтүүлөрдүн кошумча тизмедеги кызматтар акысыз көрсөтүлсүн, тиркелет.

2. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

Э.А. Темиров