ПостановлениеДействует

Ананьев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12 -декабрындагы № 27/12-2 «Турак үй салууга врачтарга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 12.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы

2017-жылдын 12 -декабры № 27/12-2

Турак үй салууга врачтарга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Ананьев айлынын больницасында иштеп келишкен үч врачка турак үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп, карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлынын аймагынан больницада иштеп жатышкан үч врачка турак жай салууга Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жер тилкеси бөлүп берүү жагы каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Төрага

Кубат уулу Т.