ПостановлениеДействует

Узун-Кыр айылдык кенешинин 2017 -жылдын 27 -январындагы № 9/11-27 «Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 27.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 27 -январы № 9/11-27

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 47 беренесинин негизинде, мамлекеттик башкарууну эффективдүү өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу жана аткаруу бийлигинин иштешин активдештирүү максатында жана 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча коомдук угууларды эске алуу менен бирге билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айыл кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча 2017-жылдын 20-январындагы коомдук угуулардагы сын-пикирлердин, сунуштардын негизинде кошумча - алымчасы менен айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Айдарбековдун билдирүүсү угулсун.

2. Узун-кыр айыл аймагынын 2016-2019-жылдарга түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы, 2016-жылдын 13-декабрындагы коомдук угуулардагы сын-пикирлердин, сунуштардын негизинде кошумча – алымчасы менен бекитилсин.

3. Узун-кыр айыл өкмөтүнө, бюджеттик мекемелердин жана менчигинин түрүнө карабай бардык чарбалардын жетекчилерине жана ишкана жетекчилерине, айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы боюнча планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон массалык иш-чараларды алып баруу милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы –Н.Н.Кыдыралиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев