ПостановлениеДействует

Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 61 «Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана автоунааларды сатуу тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 31.05.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) кезексиз XIV сессиясы

 

2018-жылдын 31-майы № 61

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана автоунааларды сатуу тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги №01-25/117 чыгыш сандуу катын аткарууга алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги №01-18/41 “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана автоунааларды сатуу тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги №15 токтому жана ушул токтом менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү Жобосу күчүн жоготту деп эсептелсин

2. “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин

3. “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган турган автоунааларды сатуу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Азизбеков