К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 5/5 «Авлетим айыл аймагынын Итагар айылындагы бир топ жашоочулардын жер үлүштөрү боюнча түзүлгөн кырдаал тууралуу айыл өкмөтүнүн 05.12.2017-жылдагы № 271 сандуу каты жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 5/5
Принят
6 декабря 2017 года
Издал
Авлетимский айылный кенеш Аксыйского района

Регистрация и публикация

Публикация
avletim.jalal-abad.kg · 16 марта 2018 года
В реестре с
27 марта 2018 года

В реестре

Код Минюста
410823

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 06.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи-сессиясы

 

2017-жылдын 6-декабры № 5/5

Авлетим айыл аймагынын Итагар айылындагы бир топ жашоочулардын жер үлүштөрү боюнча түзүлгөн кырдаал тууралуу айыл өкмөтүнүн 05.12.2017-жылдагы № 271 сандуу каты жөнүндө

 

Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы Авлетим айыл аймагынын Итагар айылынын тургундарынын, убагында Авлетим токой чарбасында эмгектенген бир тобунун жер үлүштөрү боюнча түзүлгөн кырдаалды баяндаган 2017-жылдын 05-декабрындагы № 271 сандуу катынын мазмуну менен таанышып чыгып, бул маселе боюнча Авлетим токой чарбасынын директору З.А.Батырбековдун, Итагар айылынын башчысы А.А.Алымкуловдун жана депутат жана токой кызматкери, адис К.Аликеевдин сүйлөгөн сөздөрүн угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

1994-жылдары Тельман атындагы колхоздун жерлери Авлетим айыл аймагынын жашоочуларына жер үлүш катары бөлүштүрүлгөндө Авлетим токой чарбасынын Алаң-Башат участкасындагы 26 (жыйырма алты) га жери Итагар айылынын тургундарынын токой чарбада эмгектенишкен адамдарына үлүш катары бөлүнүп кеткен.

Учурда Авлетим токой чарбасынын жер аянттарын тактоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан келген комиссия аталган 26 га жер аянтын Авлетим токой чарбасына таандык экендигин жана үлүшкө бөлүнгөнү туура эмес болгондугун аныктап чыккан.

Ушундан улам Итагар айылынын аталган жер аянтынан үлүшкө ээ болгон адамдары жер үлүшсүз калгандыктарына нааразычылыгын билдирип, маселени чечип берүү жагын талап кылышууда.

Жогоруда белгиленгендерди талкуулап чыгып, Авлетим айылдын кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Итагар айылынын тургундарынын бир тобунун жер үлүштөрү боюнча түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча Авлетим айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндө» Кодексинин талаптарына ылайык, тийиштүү жана компетенттүү органдардан консультация алуу менен зарыл болгон документтерди даярдоо иштерин жүргүзсүн.

2. Бул маселе боюнча айылдык кеңештин компетенциясына байланыштуу болгон документтерди даярдап берүүгө Авлетим айылдык кеңешинин макул экендиги көңүлгө алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына ( Жолдошов К.Ө, Төлөбаев

 

Төрага

А. Шырдаков

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.