ПостановлениеДействует

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 2 «Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу боюнча БооТерек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100- күндүк аткарган иштери боюнча маалыматы жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын Боо-Терек айылдык аймактык кеңешине берилген 2013 ж.25-июнундагы №11/2-13 сандуу сунушу жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.06.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 2

Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу боюнча БооТерек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100- күндүк аткарган иштери боюнча маалыматы жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын Боо-Терек айылдык аймактык кеңешине берилген 2013 ж.25-июнундагы №11/2-13 сандуу сунушу жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын IX -сессиясы Боо-Терек айыл өкмотүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу кенештин торагасы А.Кубанычбековдун айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери жана райондук прокуратуранын сунушу жөнүндөгү маалыматын угуп жана ар тараптуу талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

§ 1.Прокуратуранын №11/2-13 сунушу жөнүндө.

1. Бакай-Ата райондук прокуратура тарабынан берилген сунуштун негизинде Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы XXX- чакырылышынын кезексиз VIII- сессиясынын жабык эшик артында өткөрүлгөн сессиянын №1 токтому жокко чыгарылсын.

2. Бакай-Ата райондук прокуратурасынын сунушуна тийиштүү жооп берүү жагы айылдык кеңештин торагасы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

§2. Боо-Терек айыл өкмөт башчысы Т.Соорбеков жөнүндө.

1 .Боо-Терек айыл өкмөтүнун башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери жана ЖӨАБ мыйзамынын 50-берененин 2-пунктунда аткаргандан баш тарткандыгы үчүн ЖӨАБ жөнүндө КР мыйзамынын 31 -берененин 4-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.

2. ЖӨАБ жөнүндө КР мыйзамынын 49-берененин 7-пунктунун 9-пунктчасынын негизинде Боо-Терек айылдык аймагынын өкмөт башчысы Т.Соорбековдун ээлеген кызматын кароо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы У.А.Тынысовго сунушталсын.

3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

§З.Конкурстук комиссия жөнүндө.

Боо-Терек айыл өкмөтүндө түзүлгөн убактылуу конкурстук комиссиянын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы кызмат ордуна өткөргөн конкурстун жыйынтыгын угуп жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын чыгыш №11/2-13 сандуу сунушун эске алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айыл өкмөтүндө түзүлгөн убактылуу конкурстук комиссиянын иши канаатандырарлык эмес деп табылсын.

2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызматы ваканттуу деп конкурс кайрадан жүргүзүү Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн.

3. Комиссия мүчөлөрүнө конкурсту мыйзам бузуулар менен өткөргөндүгү чүн Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик чара көрүү жагы милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

§4. Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине айылдык аймактык Кеңешинин 2013- ж 16-апрелиндеги № 8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап жана Бакай-Ата райондук пркуратурасынын чыгыш №11/2-13 сандуу сунушун эске алып талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 8 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2 .Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген штаттык бирдигинен:

·         айыл өкмөт башчысынын орун басарынын кызмат орду кыскартылсын;

·         айыл өкмөтүнүн башкы адис-юрист кызмат орду кыскартылсын.

З. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Кубанычбеков