К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы № 6/20 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан койгойлор аялдарга, балдарга, өспүрүмдөргө, үй-бүлөө мүчөлөрүн зордук зомбулуктун алдын алуу, спирттик ичимдиктерди сатууга мезгилдик чектөөлөрдү киргизүү, спирттик ичимдиктер сатылган дүкөндөргө мониторинг жүргүзүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 6/20
Принят
6 марта 2018 года
Издал
Кара-Кулжинский айылный кенеш Кара-Кулжинского района

Регистрация и публикация

Публикация
газета "Мезгил үнү" · 7 августа 2018 года
В реестре с
9 августа 2018 года

В реестре

Код Минюста
411158

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 06.03.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2018-жылдын 6-марты № 6/20

 Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан койгойлор аялдарга, балдарга, өспүрүмдөргө, үй-бүлөө мүчөлөрүн зордук зомбулуктун алдын алуу, спирттик ичимдиктерди сатууга мезгилдик чектөөлөрдү киргизүү, спирттик ичимдиктер сатылган дүкөндөргө мониторинг жүргүзүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 24- “Ишкер сатып өткөргөн продукциялар керектөөчүнүн өмүрүнө, ден-соолугуна коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, сатылып жаткан товарга так, толук маалымат болууга тийиш экендиги жөнүндөгү” беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 25.06.2005-жыл № 82 “Укук бузууларды алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун уставы жөнүндөгү” токтомун, айылдык кенеши 20.01.2016-жыл № 20\4 токтому менен бекитилген КААБдын Уставынын 6,7,8,9,10 - бөлүмчөлөрүн эске алып, 23.02.2018-жылы 1-Май айылынын, 01.03. 2018-жыл Биймырза айылынын тургундарынын элдик жыйындын “Аракечтикти тыюу, ичкилик сатылган дүкөндүргө мониторинг жүргүзүү, айыл жеринде спирттик ичимдиктерди сатууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарында спирттик ичимдиктерди 23-00 сааттан кийин сатууга чектөө киргизилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы дүкөндөрдүн баардыгына мониторинг жүргүзүлсүн, мониторинг жүргүзүүгө муиципалдык кызматкерлер, айылдык кенештин депутаттары, КААБ мүчөлөрү, УДТ мээрбандары, мектеп жетекчилиги, салык кызматынын инспекторлору, СЭС кызматкерлери, коомдук жарандар, милициянын атайын ыйгарымдуу өкүлдөрү тартылсын.

3. Жашы 18-жашка толо элек өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктер сатылбасын, сатууга жол берген жеке ишкерлердин жоопкерчилиги суралсын.

4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан көйгөйлөр аялдарга, балдарга, өспүрүмдөргү, үй-бүлөө мүчөлөрүнө зордук зомбулуктун алдын алуу иштерин жакшыртуу багытында буклеттерди жасоо, жарнамаларды илдирүү, банерлерди даярдоо жана коомдук угууларды уюштуруу жагы Коомдук алдын алуу борборуна (КААБ) жүктөлсүн.

5. Аракечтиктин ден-соолукка зыяндуулугу жөнүндө айыл башчылар, УДТ мээрбандары, мектеп жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жандандырсын.

6. Аракеч, спирттик ичимдитерди көп ичкен тургундардын тизмесин, жашаган дарегин жана байланыш телефондорун тактоо, социалдык педогогторго жана айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Т.Эргешовго тапшырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Саипов

 

 

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.