ПостановлениеДействует

Үгүт айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 22-мартындагы № V/2 «Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жана АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча алынып келинүүчү эксковатор тракторун иштетүү жана бааларын бекитүү жѳнүндѳ» токтому

Редакцияот 22.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин V сессиясы

 

2017-жылдын 22-марты № V/2

Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жана АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча алынып келинүүчү эксковатор тракторун иштетүү жана бааларын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жана АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча алынып келинүүчү эксковатордун кызмат көрсөтүү бааларын карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планы бекитилсин.

2. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарында эксковатор тракторун иштетүүдөгү кызмат кѳрсѳтүү

 акысы: - 1 метр арыктарды казууда 270 сом. ( күйүүчү май көрсөтүлгөн баанын

 ичинде).

 - 1 машина шагыл, кум, жүктөө 300 сом ( майы ичинде)

 - 1 м3 чуӊкур касса 250 сом ( май ичинде)

3. Түшкөн акынын 30% ти механизаторго төлөнсүн.

4. Үгүт ЖПБнын бекитилген иш планынын негизинде иш алып баруу, эксковатор тракторунун иштешин көзөмөлдөө жагы Үгүт ЖПБнын төрагасы Ж.Жусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Майрыкеева