ПостановлениеДействует

Үгүт айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги № VI/3 «Байгөнчөк айылдык клубунун имаратынан убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 04.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 4-апрели № VI/3

Байгөнчөк айылдык клубунун имаратынан убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Байгөнчөк айылдык клубунун имаратынан убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүүнү карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 19.12. 2016-жылындагы №18-145 протоколуна жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 05.01. 2017-жылдагы №04-б буйругуна ылайык Байгөнчөк айылдык клубунан 20 (жыйырма) метр кв. аянтын «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

2. Байгөнчөк айылдык клубунун тийиштүү бөлмөсүн убактылуу пайдаланууга «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына өткөрүп берүү жагы Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловго тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Майрыкеева