ПостановлениеДействует

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 7-9 «Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КБФ нын суулуу айдоо жерине баруучу ички арыктарды тазалоо жана ремонттоо үчүн акча каражатын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 20.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги жетинчи сессиясы

2017-жылдын 20-декабры № 7-9

“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КБФ нын суулуу айдоо жерине баруучу ички арыктарды тазалоо жана ремонттоо үчүн акча каражатын бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КБФ нын суулуу айдоо жерине баруучу ички арыктарды тазалоо жана ремонттоо үчүн акча каражатын бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КБФ нын суулуу айдоо жерине баруучу ички арыктарды тазалоо жана ремонттоо үчүн 704 - бөлүм 2221- беренеге 200,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.

 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев