К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеУтратил силу

Кадамжай шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-февралындагы № 67 «Кадамжай шаардык кеңешинин номери 63 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 67
Принят
26 февраля 2018 года
Издал
Кадамжайский городской кенеш

Регистрация и публикация

Публикация
www.gamsumo.gov.kg · 26 октября 2018 года
В реестре с
5 ноября 2018 года

В реестре

Редакций
2
Код Минюста
415076

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакция
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

Кадамжай шаардык кенешинин 2024-жылдын 4-июлундагы №201 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

 

2018-жылдын 26-февралы № 67

Кадамжай шаардык кеңешинин номери 63 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Күн тартибинде «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» Мамлекеттик ишканасынын «Алай геофизикалык партиясы» филиалына тиешелүү мейманкананын имаратын жана дүкөндүн имаратын Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүсүн камсыздоо, аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин, социалдык-экономикалык өнүгүшүн, жергиликтүү калкка жеткиликтүү билим берүүнү камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-январында кабыл алынган 63 номердеги токтому төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:

1. Кадамжай шаарына караштуу Таш-Кыя айылындагы Геологдор көчөсүндө жайгашкан «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» Мамлекеттик ишканасынын «Алай геофизикалык партиясы» филиалына тиешелүү мейманкананын имаратын жана дүкөндүн имаратын Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Аталган мейманкананын имаратын жана дүкөндүн имаратын Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүү иштерин жүргүзүү жагы Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлсүн.

3. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Кадамжай шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Абдраимов

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.