К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Уч-Коргон айылдык кенешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 9/3 «Уч-Коргон жайыт комитинин 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 9/3
Принят
11 апреля 2018 года
Издал
Уч-Коргонский айылный Кенеш Кадамжайского района

Регистрация и публикация

Публикация
газета "Эл жарчысы" № 35-36 · 29 октября 2018 года
В реестре с
7 декабря 2018 года

В реестре

Код Минюста
415466

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 11.04.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын IX сессиясы

 

2018-жылдын 11-апрели № 9/3

Уч-Коргон жайыт комитинин 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-4-беренелерине таянып мамлекеттик токой фонддунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкарууларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик актыларынын талаптарына ылайык пайдалануу боюнча ишмедигин 2018-жылга карата жамааттык планын пайдалануу боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып Уч-Коргон айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Б.Юрсуновдун отчету канааттандырылсын.

2. Уч-Коргон ЖПБнин 2018-жылдын 14-февралындагы жалпы отчеттук кайра шайлоо чогулушунда кабыл алынган токтомдор толгуча бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-илундагы № 91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-8-беренелерине ылайык Уч-Коргон жайыт комитеинин 2018-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планы бекитилсин.

4. “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, 2018-жылга аныкталган жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төмөнкүдөй жайыт акылары бекитилсин, төлөнүүчү жер салыгы ушуо жайыт акыларынын ичине киритилсин.

1.Бодо мал                                                                                                      200 сом;

2.Анын ичинен 1 жашка чейинки бодо мал                                                       150 сом;

3.Кой эчкилер                                                                                     35 сом;

4.Жылкы                                                                                                          300 сом;

5.Анын ичинен 1 жашка чейинки жылкылар                                         210 сом;

6.Топоз                                                                                                 300 сом;

7.Анын ичинен 1 жашка чейинки топоздор                                                       210 сом;

5. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жылдын 26-январындагы № 30 мыйзамынын 2,3-1,10 –беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыт ресурстарын мал жайуу менн байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтомун колдонууга алынсын жана ушул токтом менен бекитилген типтүү жободо көрсөтүлгөн келишим менен түздөн –түз келишим түзүү укугу ыйгарылсын.

6. Убактылуу мал туруучу жайлар (короолор) убактылуу чабандык үйлөр, бастырмалар үчүн 1м.кв жайыт аянты 10 сом жайыт акы белгиленсин. 0,01 га жайыт аянтын башка максатка пайдалангандыгы үчүн 30 сом жайыт акы белгиленсин.

7. Жогоруда аныталган жайыт акылары Уч-Коргон жана Чаувай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынан тышкары жарандарга эки эсе өлчөмүндө жайыт акысы белгиленсин.

8. Мезгилдүү короолорго дагы жайыт акы чогултуучу инспекторлор эки тараптуу келишим менен жалданып иштетилсин. Чогултулган жайыт акыны 15%ден кем эмес көлөмү инспекторлорго эмгек акы эсебинде төлөсүн.

9. Жайыттардын чек араларын белгилөө, жайыт жер салыгын чоглутуу боюнча иш чаралардын баары Уч-Коргон жайыт комитетине жүктөлсүн.

10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Х. Джалалов

 

“БЕКИТЕМИН”                                                                                    “МАКУЛДАШЫЛДЫ”        

Уч-Коргон айылдык кенешинин                                                    Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн

төрагасы                                                                                              башчысы

______________ Х.Джалаов                                                                      ________ А.Т.Абдурахманов

“_____”________2018-ж                                                                  “____”_______2018-ж

 

Баткен облусунун Кадамжай районунун Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бекитилген бюджети

Малдын түрү

Малдын саны

Көтөрүү коэффиценти

Шартуу мал саны

Жайыт акысы бир башка

Баардык сумма (сом)

Чоё бодо мал

500

1,0

500

200

100 000

Жаш бодо мал

350

0,7

245

150

52 500

Кой эчки

7800

0,2

1560

35

273 000

Жылкы жана эшек

80

1,0

80

300

24 000

Топоз

60

1,0

60

300

18 000

Жалпы

 

 

2445

 

467 500

 

Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн     2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен             жүргүзүлсүн 0,01 га жайыт аянты үчүн 30 сом. Убактылуу мал туруучу жайлар чабандык үйлөр, кампалар, короо, навестер үчүн 1 м 2 жайыт аянтына 10 сом жайыт акы белгиленсин.

 

Жайыттардан башка максатта пайдалануудан түшүүчү киреше

370 000 сом

Жалпы киреше

837 500 сом

 

     Жогоруда аныкталган акылары Уч-Коргон, Чаувай айыл өкмөттөрүнүн жарандарынан тышкары жайыт пайдалануучуларга эки эсе денгээлде белгиленсин. Мезгилдүү жайыт короолоруна жана жайыт акы топтоочу инспекторлор эки тараптуу келишим менен иштешсин.

 

Чыгымдардын статьялары

Саны

Айы

1 айга эмгек акы

1 жылга баардык суума (сом)

Төраганын эмгек акысы

1

12

7000

84 000

Башкы эсепчинин эмге акысы

1

12

4500

54 000

Инспектор, кассирдин эмгек акысы

1

12

4000

48 000

Программист

1

12

2000

24 000

Соцфонд 17,25%

 

 

 

36 300

Киреше салык 10%

 

 

 

21 000

Күйүүчү май (ГСМ)

 

 

 

30 800

Канц.товар

 

12

 

6000

Жер салыгы

 

Бир жылга

 

41 800

Жергиликтүү бюджетке А/Ө

3/1

 

 

279 200

Жайыт инфрастурктурасына

 

 

 

188 000

ЖКнин мүчөлөрүн окутууга жайытты мониторинг өткөрүүгө

 

 

 

18 000

Башка чыгымдар

 

 

 

64000

Жалпы чыгым

 

 

 

837 500

 

Жайыт комитетинин төрагасы                                                                                                                                     Б.Юрсунов

Башкы эсепчи                                                                                                                                                                                М.Муминжанов

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.