ПостановлениеДействует

Папан айылдык кеңешинин 2017-жылдын 01-мартындагы №3 «№ 121 Жээнали Шариев атындагы негизги мектепти орто мектепке айландыруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 01.06.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кеңешинин кезектеги IV сессиясы

2017-жылдын 01-марты №3

№ 121 Жээнали Шариев атындагы негизги мектепти орто мектепке айландыруу жөнүндө

Папан айыл өкмөтүнө караштуу Андагул айылындагы тургундардын, ата-энелердин, мектеп коллективинин арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Андагул айылындагы № 121 Жээналы Шериев атындагы негизги мектеп орто мектеп болуп өзгөртүлсүн.

2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн № 121 Жээналы Шериев атындагы мектепти орто мектеп деп кабыл алуусу суралсын.

3. Ушул токтом дун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Бактыбаев