ПостановлениеДействует

Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы №3 «Кеңеш айыл аймагында»Кеңеш-Тазалык«муниципалдык ишканасын уюштуруу жана салык эмес төлөмдөрүн тарифин бекитүү жөнүндө»токтому

Редакцияот 24.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

2016-жылдын 24-февралы №3

Кеңеш айыл аймагында “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасын уюштуруу жана салык эмес төлөмдөрүн тарифин бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Респуликасынын “Бей салык төлөмдөр” жөнүндөгү мыйзамынын 2 бөлүмүнүн 121 статьясын  жетекчиликке алып Кеңеш айыл аймагында коммуналдык чарба  “Кеңеш Тазалык” муниципалдык ишканасынын уюштуруу жана салык эмес төлөмдөрүн тарифин бекитүү максатында  Кеңеш айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагында коммуналдык чарба “Кеңеш Тазалык” муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.

2. “Кеңеш Тазалык” муниципалдык ишканасы өзүн өзү каржылоосу менен Кеңеш айыл аймагында толук кандуу иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Калктуу конуштардан таштандыларды алып чыгаруу жыйымы Кыргыз Республикасынын “Бейсалык төлөмдөр жөнүндөгү” мыйзамынын 2-бөлүм 121 статьясынын негизинде иш жүргүзүлсүн.

4. “Кеңеш - Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, мөөр, штамтарын даярдатуу, банктан эсеп ачуу иш кагаздарын мыйзамдаштыруу ишкананын жетекчиси А.Н.Мурзакматовго жүктөлсүн.

5. Керектүү акча каражат менен камсыздоо ФЭБнүн башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.

6. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловко жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К. Аттокуров.