ПостановлениеДействует

Кеңеш айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-июлундагы №8 «Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Аркалык маала участкасынын жашоочуларынын арызы жөнүндө»токтому

Редакцияот 15.07.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы

 2016-жылдын 15-июлу №8

Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Аркалык маала участкасынын жашоочуларынын арызы жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Аркалык маала участкасынын жашоочуларынын жазган арызын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат берүү боюнча комитеттин кортундусунун негизинде Совет айылынын Аркалык маала участкасынын аты жок ички көчөгө эмгектин ардагери Кушбаков Чолпондун ысымы берилсин.

2. Совет айылынын Аркалык маала участкасынын аты жок ички көчөнү Кушбаков Чолпон деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышы Кушбаков Чолпондун уул - кыздарына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К.Аттокуров.