ПостановлениеДействует

Кеңеш айыл кеңешинин 2016-жылдын 23-августундагы №4 «Кеңеш айыл аймагынын администрациясынын сунушу жөнүндө»токтому

Редакцияот 23.08.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы

 

2016-жылдын 23-августу №4

Кеңеш айыл аймагынын администрациясынын сунушу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагында 2012-жылдагы селдин жыйынтыгы менен Сейит-Казы сел каналы бүгүнкү күнгө чейин сел коркунучунан сакталып жана сел арыктын этегиндеги Кара-үңкүр сайына кошулган жерди да бүтүрүүгө өзүнүн кошкон зор салымы үчүн Өзгөчө Кырдаалдар Министри К.А.Боороновго ардактуу атуулу наамын берүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагындагы селди алдын алууга кошкон зор салымы үчүн Өзгөчө Кырдаалдар Министри К.А.Боороновго ардактуу атуулу наамы берилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынаылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К.Аттокуров.