УказУтратил силу

Указ и.о. Президента КР от 2 июня 2005 года № 209 «Об оптимизации финансового, материально-технического и иного обеспечения деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык                          КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 2-июну ПЖ № 209

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

                         АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

 

             Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин

            финансылык, материалдык-техникалык жана башкача

                камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө

 

              (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.

             2005-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 277 Жарлыгынын

                         редакциясына ылайык)

 

     "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку

Кењешинин  2005-жылдын 11-апрелиндеги № 144-III "Кыргыз Республикасынын

Жогорку  Кењешинин  финансы-чарбалык  башкармасын   түзүү   жөнүндөгү",

2005-жылдын  19-апрелиндеги  №  163-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин финансы-чарбалык башкармасын кайра атоо жөнүндөгү"  токтомдо-

рун эске алып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин көзкаранды-

сыз жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошон-

дой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, мате-

риалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну  оптималдаштыруу  макса-

тында токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, мате-

риалдык-техникалык  жана  башкача  камсыз  кылууну оптималдаштыруу жана

анын ишин материалдык-техникалык жана финансылык  жактан  камсыз  кылуу

боюнча тийиштүү кызматын түзүү жөнүндөгү сунушуна макулдук берилсин.

     2. Ушул  жылдын  акырына  чейин  Кыргыз  Республикасынын   Жогорку

Кењешинин жана анын Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык

жана башкача  камсыз  кылуу  маселеси  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин Эл өкүлдөр жыйыны,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тейлөө

боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүмдөрү

жана автотранспорттук бирикмеси үчүн 2005-жылга республикалык бюджеттин

алкагында  бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы аныктал-

сын.

     3. Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген

тартипте:

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Иш башкармасына - матери-

алдык-техникалык жана  финансылык  камсыз  кылуу Кызматына төмөнкүлөрдү

өткөрүп берсин:

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешин тейлеген Кыргыз Республика-

сынын Президентинин Иш башкармасынын  бөлүмдөрүнүн  жана  автотранспорт

бирикмесинин кызматкерлеринин штаты;

     анын балансына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана  анын

аппаратынын  иши үчүн пайдаланылган финансылык,  материалдык-техникалык

каражаттарды жана башка мүлктү;

     - төмөнкүлөрдү даярдасын жана сунуш киргизсин:

     Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн жана

штаттык санын өзгөртүү боюнча;

     мамлекеттик башчысынын ченемдик укук актыларын ушул Жарлыкка  ыла-

йык келтирүү боюнча.

     (Кыргыз Республикасынын  Президентинин м.а.  2005-жылдын 15-июлун-

дагы ПЖ № 277 Жарлыгынын  редакциясына ылайык)

     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - ушул Жарлык келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселе-

лерди чечсин;

     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтрсин.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин

     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев