УказДействует

Указ Президента КР от 2 февраля 2019 года УП № 19 «О праздновании 100-летия со дня рождения Т.Усубалиева»

Редакцияот 02.02.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 2-февралы ПЖ № 19

Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын 2019-жылы майрамдоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин бир айлык мөөнөттө түзсүн, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү карасын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы N 8 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков