УказДействует

Указ Президента КР от 11 сентября 2019 года УП № 127 «О назначении судей местных судов Кыргызской Республики»

Редакцияот 11.09.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 11-сентябры ПЖ № 127

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдырахманов Урматбек Аманович;

Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

Кулмурзаев Манасбек Каримович;

Саадабаева Чынара Муратбековна;

Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна;

Самаков Нурмат Талантбекович;

Тажибаев Нурбек Рашидович;

Усакпаева Гульзат Каныбековна;

Шаршеева Алтынай Чубаковна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков