УказДействует

Указ Президента КР от 14 ноября 2019 года УП № 155 «О назначении судей местных судов Кыргызской Республики»

Редакцияот 14.11.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 14-ноябры ПЖ № 155

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Жалал-Абад облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Баймуратова Күмүшай Шакировна;

Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич;

Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович;

Жороев Эльдияр Жолборсбекович;

Кангелдиев Калыйнур Ратбекович;

Култаев Талантбек Какаевич;

Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич;

Маматалиев Таалайбек Ажибекович;

Маматов Куштарбек Иссаевич;

Нурбеков Алмаз Турусбекович;

Ормушев Тилек Эмилбекович;

Туражанова Жамиля Асадуллаевна;

Уметалиева Чолпонай Маматовна;

Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич;

Эсенбаев Адылбек Маматибраимович.

2. Кадыркулова Алма Камчыбековна курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков