УказДействует

Указ Президента КР от 16 июня 2020 года УП № 106 «Об отставке Премьер-министра и Правительства Кыргызской Республики»

Редакцияот 16.06.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 16-июну ПЖ № 106

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин кызматтан кетүүсү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Негиз: М.Д.Абылгазиевдин арызы.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков