УказУтратил силу

Указ Президента КР от 22 сентября 2020 года УП № 179 «Об утверждении Положения о технических характеристиках особого знака»Ак Шумкар«, орденов, медалей, нагрудных знаков к почетным званиям и Почетной грамоте Кыргызской Республики»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ N 203 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2020-жылдын 22-сентябры ПЖ № 179

 

Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин белгиленген техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы N 80 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков