УказНе действует

Указ Президента КР от 03 декабря 2021 года УП № 543 «О составе Комиссии по вопросам гражданства при Президенте Кыргызской Республики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2024-жылдын 23-майындагы ПЖ № 124

Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2021-жылдын 3-декабры ПЖ № 543

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-августундагы ПЖ № 294, 2023-жылдын 19-апрелиндеги ПЖ № 108 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

 

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо үчүн токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Байсалов Эдил Жолдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары,Комиссиянын төрагасы болуп;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Шукурбеков Улугбек Абдималикович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Ниязбеков Улан Омоканович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Толонов Данияр Эрмекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Имангазиев Алмаз Кулубекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары

Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары

Нифадьев Владимир Иванович

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору;

Кийизбаева Жазгуль Ильичевна

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары курамга киргизилсин

 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 292 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгы

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы № 401 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров